Талила Кулматова: "Кызыл-Кыядагы шахтёрлордун Маданият үйү драмтеатр болот"

Кызыл-Кыядагы шахтёрлордун Маданият үйү драма театры болот. Бул тууралуу 17-мартта Кызыл-Кыя шаарынын маданият бөлүмүнүн башчысы Талила Кулматова билдирди. 

3 жылдан бери аталган Маданият үйүн драмтеатр кылсак деп аракет кылып келебиз. Бул маселе июнь айында чечилип калат деп жатабыз. Эгер ачылып калса, Кызыл-Кыядагы бирден-бир драмтеатр болуп калат. Аны иштетип кетүүгө кадрлар жетиштүү. Ошондой эле шаарга чектеш Кадамжай, Ноокат, Араван райондорунда бир да театр жок. Былтыр 2 миллион сомго чатыры жабылды. Эми ичин оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү пландап жатабыз”,- деди Талила Кулматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан