Акыркы бир айда Кызыл-Кыя шаарында азык-түлүккө болгон баа дээрлик 5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу шаар тургуну Насипа Акматова билдирди.
Айтымында, бир ай мурда эле кумшекердин килограммы 50 сом болчу. Учурда анын баасы 55 сомго чыккан.
“Мындай кымбаттоо бардык азык-түлүктөрдө байкалууда. Өткөндө 1100 сомдук бир кап унду 1300 сомго алдым. Өзгөчө өлкөнүн башка аймактарынан ташылып келинген продукцияларга баалар жогорулап жатат. Жергиликтүү продукциялардын баалары ошол эле бойдон”,- дейт Насипа Акматова.