Кызыл-Кыядагы Экономика, укук жана технология институтунда 2000ден ашык студент окуйт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын жетекчиси Абдивап Зулпуев билдирди.
“Бул окуу жай 1995-жылы ачылган. Ошол кезде шахтёрлордун кароосуз калган Маданият үйү бизге берилген. Бирок убагында документтештирилбегендиктен мэрия алып койгон. Учурда ижара акысы үчүн мэрияга 40 миң сом төлөйбүз. Эми бул имаратты Кызыл-Кыя шаарынын Маданият үйү кылабыз деп жатышат. Менимче, ал үчүн көп акча каражаты жана кадрлар керек го”,- деди Абдивап Зулпуев.
Ошондой эле Зулпуев төмөндөгүлөрдү кошумчалап өттү: “Окуу жайда 100гө жакын окутуучу иштейт. 6 илимдин кандидаты, 2 илимдин доктору бар”.