Бүгүн, 18-мартта өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнүнө карата тегерек стол өтүүдө.
Анда керектөөчүгө товарлар тууралуу маалыматты мамлекеттик тилде берүү жана өндүрүүчүлөрдүн товарга коюлган мөөнөттөрүнүн милдети жана укуктары жөнүндө маселелер каралат.
Буга өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлүнүн орун басары, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин түштүк аймактык бөлүмдөрүнүн башчысы Жанболот Айбашов жана облустун бардык аймагынан өкүлдөр келип катышууда.