Камчыбек Ташиевдин уулу: “МАИчилер унаамды токтотуп, эртеси үйгө өздөрү жеткирип беришет”

“Мен 5 жылдан бери айнеги караңгылатылган унаада жүрөм”,- дейт экс-депутат Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев. Муну ал бүгүн, 18-мартта социалдык түйүндөрдүн бири аркылуу билдирди. Айтымында, МАИчилердин көчөдөн анын унаасын “айнеги караңгылатылган” деп кармап, коомчулукка жарыялашы - үй-бүлөсүн каралоо.

“Көрүнүш үчүн гана жасап жатышат. Эртеси унаамды үйгө өздөрү алып келип беришет, айнектери караңгылатылган боюнча”,- дейт Таймурас Ташиев.

Эскерте кетсек, 17-мартта Бишкек ШИИББи Камчыбек Ташиевдин уулу айдап жүргөн унаа кармалып, айып аянтчасына токтотулганын билдирген.  

Камчыбек Ташиевдин уулу айдап жүргөн унаа кармалган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан