Кечээ, 17-мартта өкмөтүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков Аксы районунун активи менен жолугушуу өткөрдү. Ага облус прокурору Кылычбек Токтогулов, ОИИБинин башчысы Жеңишбек Жоробеков жана бир катар жетекчилер, айыл өкмөт башчылары катышышты.
Маалыматка ылайык, алар быйыл бүтө турган Иринжит каналынын курулуш иштери менен таанышып чыгышты. Белгилүү болгондой, узундугу 7,4 чакырымды түзгөн канал ишке берилсе, Аксы районунун 5 миң гектар аянты сугат жерине айланат. Ошондой эле Аксы районунун Кош-Дөбө айылы толук кандуу сугат суусу менен камсыз болору айтылды.
Ал эми Ж.Жээнбеков курулуш иштеринин сапаттуулугуна көңүл буруп, андагы нормаларды бекем сактоону тапшырды. Кийинки иш сапары менен келгенде сапатын текшерүүгө аларын белгиледи. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков билдирди.