17-мартта Жалал-Абад шаарында атайын комиссия тарабынан тамак-аш жана соода-сатык мекемелеринин санитардык абалы жана жаз, жай мезгилдеринде иштөөгө даярдыгы текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында 20 соода-сатык жана тамак-аш сатуучу талапка жооп бербеген жайларга эскертүү берилди.
Мындай текшерүүлөр дагы уланарын бүгүн, 18-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.