Ош. Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунда кар көчкү түштү

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, тагыраак айтканда, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 100-103-чакырымында кечээ, 17-мартта саат 16:00 чамасында көлөмү болжол менен 720 метр куб кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кар көчкүнү тазалоого ЖЭМ-26 тарабынан 1 бульдозер тартылып, саат 20:00дө унаа жолу толугу менен тазаланып, ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан