Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев Кыргызстанда ММКларга жазаны күчөтүү демилгесине каршы чыкты. Коомду маалымат алуудан чектей турган мыйзам долбоорун кабыл алуу туура эмес деген пикирде ал. Муну Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 18-мартта билдирди.
“Жогорку Кеңештин депутаттарынын бул демилгеси КРнын Конституциясынын айрым негизги жоболоруна каршы келет. Эгер парламент бул мыйзам долбоорун кабыл алса, эркин ММКлардын мындан аркы ишине жана жарандык коомдун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Мыйзамдын кабыл алынышы авторитаризм жана диктатурага кайтууга кадам таштоону билдирет”,- дейт акыйкатчы.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште “жалган маалымат таркатуу” фактысы боюнча ММКларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ача турган мыйзам долбоору каралып жатат.