Мамлекеттик Думанын депутаттары өздөрүнө санкция жарыялоо сунушу менен АКШнын президенти Барак Обамага жана Евробиримдикке кайрылышты. Сунуш парламентте бир добуштан колдоо таап, ага 373 депутат добуш бергенин 18-мартта орусиялык ММКлар жарыялашты.
“17-мартта АКШнын Мамлекеттик департаменти, Обама жана Евробиримдик дагы бир орунсуз чара колдонушту”,- деп билдирет депутат Михаил Маркелов.
Айта кетсек, 17-мартта Орусиянын бир катар саясатчыларынын Канадага киришине тыюу салынган. Алардын катарында вице-премьер-министр Дмитрий Рогозин, президент Владимир Путиндин жардамчылары жана башкалар бар.