Таластык тургундар депутаттарга кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү айтышты

Таластын Кара-Буура районунун тургундары аймакка иш сапары менен барышкан ЖКнын депутаттарына кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү айтышты. Жолугушууда бала бакчалардын жетишсиздиги, эски мектептер, ар кандай шылтоолор менен жөлөк пулдардын берилбей жатышы, пенсиянын аздыгы сыяктуу көйгөйлөр талкууланганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Депутаттар Элмира Жумалиева, Майрамкан Кадырбекова жана Майрамкүл Тиленчиева бүгүн, 18-мартта Таластагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары, Кара-Буура районунун Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан