Назарали Арипов: “Иштей албаган өкмөттү отставкага кетирип, “Ата Мекен” фракциясы туура кадам жасады”

“Иштей албаган өкмөттү отставкага кетирип, “Ата Мекен” фракциясы туура кадам жасады”,- деп билдирди SUPER.KG порталына бүгүн, 18-мартта “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов. Айтымында, өкмөттү отставкага кетирүү маселеси бышып жетилип калган болчу.

“Азыркы өкмөттү кетирүү маселеси акыркы 2-3 айдан бери тынымсыз көтөрүлүп келе жаткан. Иштей албаган алсыз өкмөттү отставкага кетирип “Ата Мекен” туура кадам жасады. Муну колдойм”,- деди Арипов.

Эскерте кетсек, бүгүн “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамынан чыкты. Муну менен өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. Президент Алмазбек Атамбаевдин 3 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүү укугун фракциялардын бирине бериши күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан