Парламенттеги “Республика” фракциясы жаңы коалицияга кирүү маселесин карай элек. Муну бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына аталган фракциянын лидери Назарали Арипов билдирди. Айтымында, фракция бул маселе боюнча өз позициясын карманат.
“Фракция жаңы коалицияга кирсе, премьер-министрликке өз талапкерин сунуштайт. Азырынча кимди талапкер кылуу тууралуу сөз боло элек”,- деди Арипов.
Эскерте кетсек, бүгүн “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамынан чыкты. Муну менен өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. Президент Алмазбек Атамбаев 3 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүү укугун фракциялардын бирине бериши күтүлүүдө.