Бактыбек Калмаматов: “Өкмөттү кетирүүгө “Кумтөр”, Батукаев, Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү дирекциясындагы мыйзамсыз иштер негиз болду”

Өкмөттү кетирүүгө “Кумтөр”, кримавторитет Азиз Батукаев, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы боюнча мыйзамсыз иштер негиз болду. Муну бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов билдирди. Айтымында, “Ата Мекен” фракциясы аталган маселелер боюнча принципиалдуулугун көрсөттү.

“Өкмөттү отставкага кетирүү маселеси буга чейин башка фракциялар тарабынан да көтөрүлгөн. Ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо жүрүп, бирок соодалашуудан кийин айрым депутаттар койгон колун кайра чакыртып алууга чейин барышты. Натыйжада процесс токтоп калды. Өкмөттүн “Кумтөр”, Азиз Батукаев маселесиндеги иштери, убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясындагы коррупциялык схемалар фракциянын ушундай чечим кабыл алышына негиз болду. “Ата Мекен” фракциясы дагы бир жолу өзүнүн принципиалдуулугун далилдеди”,- деп билдирди Калмаматов.

Эскерте кетсек, бүгүн “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамынан чыкты. Муну менен өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. Президент Алмазбек Атамбаев 3 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүү укугун фракциялардын бирине бериши күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан