Феликс Куловду командасы лидерликтен алып салышы мүмкүн

"Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов өз фракциясынын пикири менен эсептешпейт. Ошондуктан Аскарали Төрөбаевди колдогон 14 депутат аны лидерликтен алып салышы мүмкүн,- деп билдирди жергиликтүү ММКларга бүгүн, 18-мартта ЖКнын депутаты Анвар Артыков.

Анын айтымында, Феликс Кулов тарабынан Мамкаттоо кызматынын башчылыгына Нурбек Асановду сунуштаган документтер жасалгандыгынан кабары бар. Бирок 21-февралда өткөн сынактын натыйжасында Аскарали Төрөбаев (“Өнүгүү” депутаттык тобунун жетекчиси Бакыт Төрөбаевдин агасы – ред.) көпчүлүк добушка ээ болгон.

“Эмнеликтен Феликс Кулов биздин пикир менен эсептешпейт? Төрөбаевге өз добушун берген ушул эле 14 депутат Феликс Куловду лидерликтен алып сала алат. Кийинки жумада Кулов менен ушул маселени талкуулайбыз. Эгер сынактын жыйынтыгынын мааниси болбосо, Кулов баары бир өзүнүн адамын алып келе турган болсо, анда неге аны өткөрдүк?”- дейт Анвар Артыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан