"Ата Мекен" фракциясынын коалициядан чыгышына А.Батукаевдин иши боюнча Зарылбек Рысалиев өңдүү чиновниктердин жоопко тартылбай жатышы себеп болгону айтылды

Мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин "ата мекенчи" депутаттарга койгон дооматтары далилсиз бойдон калууда. Ал эми "Ата Мекен" фракциясы Рысалиевдин былык иштери боюнча позициясын дагы бир жолу тастыктады. Башкача айтканда, "Ата Мекендин" коалициялык көпчүлүктөн чыгышына "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошоп, өлкөдөн чыгып кетиши себеп болгону айтылды. 

Эскерте кетсек, Зарылбек Рысалиевге буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси катары Батукаевди түрмөдөн аэропортко чейин узатып барганы үчүн күнөө коюлуп келгени маалым. З.Рысалиев өзү да Батукаевди аэропортко узатып барганын моюнга алган.  

Бул ишти иликтеген депутаттык комиссия вице-премьер-министр Шамиль Атахановду, башкы прокурор Аида Салянованы, ички иштер министри Абдылда Суранчиевди, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди жана акыйкатчы Турсунбек Акунду жоопко тартуу чечимин чыгарган. Батукаев маселесинде Турсунбек Акун кызматтан алынды, бирок башкалары боюнча Жогорку Кеңештин токтомун өкмөт аткарган жок. Ушул жагдай "Ата Мекенди" коалициядан чыгууга түрткөнү айтылды.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан