Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев 19-мартта Ош шаарындагы мектептер жана бала бакчалардын абалы менен таанышат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын маалымат катчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.
Маалыматка ылайык, эл өкүлү шаарыбыздагы №4-Киров, №8-М.Горький, №18-А.Навои, №9-Рудаки, П.Нышанов атындагы №50-мектептин жана №30-“Айданек”, №46-“Келечек” балдар бакчаларынын абалы менен таанышмакчы. Андан соң мектеп директорлорунун катышуусунда “Кыргыз-түрк достугу” атындагы №52-орто мектептин жыйындар залында «Бирдиктүү улуттук сынак боюнча» мыйзам долбоору талкууга коюлат.