Каржы министрлиги: Январь-февраль айларында республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 14 миллиард сомду түздү

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылдын январь-февраль айларына карата республикалык бюджеттин жалпы кирешелери, активдери жана милдеттенмелери 14 миллиард 392,4 миллион сомду түздү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы көрсөткүч өткөн жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 4,8 пайыз же 653,7 миллион сомго өскөн. Ички дүң продукциянын көлөмүнө карата ресурстук түшүүлөр 34,1 пайыз болду. 

Жалпы ресурстук кирешелердин 33,9 пайызы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан, Мамлекеттик бажы кызматы 29,6 пайыз, мамлекеттик казына векселдеринин түшүүлөрү 8,2 пайыз, бюджеттик ссудалардын 2,8 пайыз кайтарымынан камсыздалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан