“Республика” фракциясынын жаңы коалицияга кошулушу президенттин чечиминен кийин белгилүү болот

“КРнын Президенти коалициялык көпчүлүктү түзүү милдетин кайсы фракцияга тапшырса, “Республика" фракциясы ошого карата иш алып барат”,- деп билдирди бүгүн, 19-мартта SUPER.KG порталына “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов.

Ал “Республика” фракциясы акыркы эки-үч айдан бери өкмөттү отставкага кетирүү маселесин көтөрүп келгенин кошумчалап: “Коалициялык көпчүлүккө кирген “Ата Мекен” фракциясы биздин маселебизди туура деп таап, өкмөттүн иштей албагандыгы үчүн коалициядан чыкты”,­- деди. 

Эскерте кетсек, кечээ, 18-мартта “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамынан чыкты. Муну менен өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. Президент Алмазбек Атамбаев 3 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүү укугун фракциялардын бирине бериши күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан