Учурда “Ата Журт” фракциясы жаңы коалициялык көпчүлүккө кошулары же кошулбай тургандыгын талкуулоо үчүн отурумга чогулууда

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясы коалициялык көпчүлүккө кирүү же кирбөө маселеси боюнча отурум уюштурду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциянын депутаты Азамат Арапбаев кабарлады.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров иш сапарынан Бишкекке жаңы келгенин айтып, жаңы коалициялык көпчүлүккө кайсы партиялардын кирери белгисиз экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, кечээ, 19-мартта "Ата Мекен” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамынан чыкты. Муну менен өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. Президент Алмазбек Атамбаев 3 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүү укугун фракциялардын бирине бериши күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан