Парламенттик көпчүлүктүн коалициясы курамдан «Ата Мекен» фракциясынын чыгуусуна байланыштуу өз ишмердигин токтотту.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП, «Ар-намыс» жана «Ата Мекен» фракцияларынын ортосундагы 2012-жылдын 3-сентябрында макулдашууга ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кеткен болуп эсептелинет.
Жарлыкка ылайык, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле администрациялык мекемелеринин жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнчө мурда ээлеген кызматтарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин милдеттерин аткарууну улантышат.