Жаңы коалицияны куроо алдында депутаттык топтордун ролу күчөдү

Жогорку Кеңештеги "Ырыс алды - ынтымак" коалициясы ыдырап, өкмөт отставкага кеткен соң күн тартибине жаңы коалицияны куроо маселеси чыгып, парламентте депутаттык топтор менен партиядан чыгып кеткен депутаттардын салмагы өстү. 

Шаршенбек Абдыкеримов, Алмазбек Баатырбеков, Элмира Жумалиева, Бахадыр Сулейманов жана Элмира Сансызбаевадан турган "Ынтымак" депутаттык тобунун мүчөсү Элмира Жумалиевага байланышсак, ал: "Учурда биздин топтун өкүлдөрү аймактарда жүрүшөт, ошол үчүн коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүлөр боло элек",- деп билдирди.
"Реформа үчүн" депутаттык тобунан Нарынбек Молдобаев: "Өлкө башчынын коалицияны куроо боюнча мандатты тапшыруусун күтүп жатабыз. Ошентсе да биздин топ жаңы парламенттик көпчүлүккө кирүүгө даяр. Укканыма караганда, бизге пикирлеш эл өкүлдөрүнүн саны да 30га чамалап калыптыр. Жаздын бир күнүн да текке кетирбөө керек, өлкөнүн саясий туңгуюкка кептелип калбашы үчүн чогуу иштешүүгө дайынбыз",- деп жооп берди. Бул топто Нарынбек Молдобаевден тышкары Хажимурат Коркмазов менен Роман Шин бар.
Ал эми "Өнүгүү" депутаттык тобунун лидери Бакыт Төрөбаев бул маселе боюнча азырынча комментарий бербей турганын айтты. Эскерте кетсек, бул топ Б.Төрөбаевден тышкары Мирлан Бакиров, Абдулатип Режевалиев жана Тынчтык Шайназаровдон турат. 
"Ата Мекен" фракциясынан чыгып кеткен депутат Өмүрбек Абдрахманов: "Баш мыйзамга ылайык, коалицияны фракциялар гана түзө алышат. Ал эми депутаттык топтордун коалицияга кирүүгө акысы жок, андыктан алар коалицияны жана өкмөттүн түзүмүн моралдык жактан гана колдосо болот. Өкмөттүн түзүмүнө добуш берүүгө келгенде, ар бир депутат өзү каалагандай добуш бере алат",- деди. Ө.Абдрахманов менен ушул эле фракциядан чыгып кеткен эл өкүлү Равшан Жээнбеков бир чөйрөдө экендигин белгилей кетели.
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан