Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы жабык эшик артында отурум өткөрүп, парламенттин жаңы түзүлүүчү коалициялык көпчүлүккө кирүү боюнча чечимди бир добуштан колдоду. Бул тууралуу аталган фракциянын мүчөсү, вице-спикер Чолпон Султанбекова SUPER.KG порталына кабарлады.
“Эми коалициялык көпчүлүк кайсы фракциялардан түзүлөрү алардын ортосундагы сүйлөшүүлөр кандай өткөнүнө байланыштуу. Мындан тышкары КРнын Президенти коалициялык көпчүлүктү түзүү милдетин кайсы фракцияга тапшырса, фракциялар ошого карата иш жүргүзүшөт”,- дейт Чолпон Султанбекова.
Мындан тышкары ал ЖКнын ар бир фракциясынын премьер-министрдин кызматына кызыкчылыгы бар экенин баса белгиледи.
Эске салсак, 18-мартта "Ата Мекен” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициясынын курамынан чыкты. Бүгүн КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өкмөттү отставкага кетирүү тууралуу жарлыкка кол койду.