Кыргызстан парламенттик башкаруу формасына өткөндөн бери же 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеште 3-жолу коалициялык көпчүлүк бузулду.
Алар: 2010-жылдын 15-декабрында Жогорку Кеңеште алгачкы көпчүлүк коалиция түзүлүп, курамына 77 депутаттык мандаттын КСДП (26 депутаты менен), “Ата Журт” (28 депутаты менен) жана “Республика” (23 депутаты менен) фракциясы кирген. Ал коалицияда жалпы 77 депутат болгон. Өкмөт башчы болуп КСДП фракциясынан Алмазбек Атамбаев дайындалганы белгилүү.
Андан кийинки “Биримдик” коалициясы 2011-жылы 16-декабрда түзүлгөн. Ага КСДП (26 депутат), “Ар-намыс” (25 депутат), “Республика” (23 депутат) жана “Ата Мекен” (18 депутат) фракциялары кирген. Өкмөт башчы болуп “Республика” фракциясынан Өмүрбек Бабанов дайындалган.
2012-жылдын 22-августунда "Ар-намыс" жана "Ата Мекен" фракциялары курамдан чыгып кеткенден кийин “Биримдик” коалициясы ыдыраган.
Андан кийин, 2012-жылдын 3-сентябрында КСДП, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракциясынын лидерлери жаңы “Ырыс алды - ынтымак” аталышындагы коалиция түзүү боюнча макулдашууга кол коюшкан. Бул коалициянын арты менен премьер-министр болуп Жантөрө Сатыбалдиев бекитилгени маалым.
Кечээ, 18-мартта "Ата Мекен" фракциясынын коалициялык көпчүлүктөн чыгышы менен "Ырыс алды - ынтымак" коалициясы ишин токтотту. Эми фракция лидерлеринин алдында дагы бир коалиция түзүү, аны менен жаңы премьер-министр жана министрлер кабинетин дайындоо милдети турат.