2014-жылдын 2 айында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды кошпогондо 13 миллиард 18,3 миллион сомго же планга карата 97,8 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу каржылоо 12,6 пайыз же 1 миллиард 452,6 миллион сомго өскөн.
Ички дүң продукциянын көлөмүнө карата чыгашалар 30,8 пайызды түздү.
2014-жылдын январь-февраль айларына социалдык тармакка республикалык бюджеттен 7 миллиард 758 миллион сом жумшалды. Каржылоо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 миллиард сомго көбөйгөн.
Бул багытта жумшалган чыгымдардын 30,9 пайызы же 3 миллиард 607,6 миллион сому социалдык коргоого бөлүнгөн. Аталган сумма өткөн жылга салыштырмалуу 395,3 миллион сомго өскөн.
Билим берүү тармагына 2 миллиард 433,3 миллион сом, саламаттыкты сактоо тармагына 1 миллиард 506,5 миллион сом, эс алуу, маданият жана динге 210,6 миллион сом бөлүндү.