Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев иш сапары менен Ош облусуна караштуу Алай районунда болду. Депутат Чий-Талаа айылында жергиликтүү тургундардын демилгеси менен курулуп жаткан бала бакчанын абалы менен таанышты.
Аталган айылда бир нече үй-бүлө биригип 20 орундуу бала бакча ачкан. Бардык каражаттарын, тамак-ашын, жадакалса тарбиячылардын эмгек акысын өздөрү чыгарышат. Чечилбей калган көйгөйлөрдүн бири - балдарга керебеттердин жетишсиздиги. Депутат аталган бала бакчага демөөрчүлөрдүн атынан 50 миң сом тапшырып, айыл жергесинде иштетилип жаткан эмерек цехине керебеттерди жасоого буйрутма берүүнү сунуштады.
“Жергиликтүү цех менен биргеликте иш алып баруудан улам бала бакчанын жетекчилиги бир топ акча үнөмдөйт. Цехте иштеп жаткан айыл тургундары да жумуш оруну менен камсыз болушат”, - деди депутат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жашоочулардын айтымында, жыл сайын июнь айынан тарта сугат суусу жерге жайылып, айыл тургундарынын талааларына жетпей калат. Маселени чечиш үчүн алар 1 чакырым аралыгында түтүктөрдү орнотуп, сугат суусун тартып келүү зарылдыгын белгилеп, акча каражаттын жетишсиздигинин айынан эл өкүлүнөн жардам сурашты.
Абдыманап Кутушев айыл жашоочуларына атайын кат аркылуу кайрылууну сунуштоо менен андай аталган көйгөйлөрдүн чечилишине көмөк көрсөтүүгө убада берди.