Депутат Ыргал Кадыралиева Өзгөн районунун тургундары менен социалдык маселелерди чечүү жолдорун талкуулады

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева шайлоочулар менен Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун администрациясында жолугушту. Анда жумушсуздук маселеси жана аны жоюу чаралары тууралуу сөз жүрдү. 

Аталган маселе боюнча Өзгөн районунун акимиатынын жетекчилигинин, КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин райондук бөлүмүнүн отчёттору угулду. 

Мындан сырткары жумушсуз жарандарга чакан насыя берүү, алардын коомдук иштери үчүн акыларын көбөйтүү, алгылыктуу кесиптик билим берүү сунуштары айтылды. Ошондой эле жаштардын кесип тандоо мүмкүнчүлүгү сыяктуу социалдык көйгөйлөр каралды. Бул тууралуу 19-мартта ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан