1-апрелден тартып Кореяга турмуш куруу максатында бара тургандарга корей тили боюнча сынак тапшыруу милдеттендирилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 19-март күнү билдирди.
Маалыматка ылайык, Корея Республикасында 2014-жылдын 1-апрелинен тартып Кореянын жарандары менен никеге турууну көздөп жаткан адамдар TOPIK`тин (TOEFL англис тилинин аналогу) 1-деңгээлин билүү боюнча тилдик тест берүү менен корей тилинин элементардык деңгээлин билерин далилдөөгө тийиш.
Мындан тышкары Корея Республикасынын жараны менен чет өлкөлүк жарандын никеге туруусу үчүн дагы бир шарт болуп минималдык бир жылдык кирешесин тастыктоо саналат.
Кореянын жаранынын минималдык бир жылдык кирешеси үй-бүлөдөгү адамдын санына жараша 14 миң АКШ долларынан 32 миң АКШ долларына жакын болушу керек.
"Мыйзамга киргизилүүчү түзөтүүлөр чет өлкөлүктөрдүн корея коомчулугунда ийкемдешүүсү, ошондой эле үй-бүлөнү каржылык жактан камсыздоодо кыйынчылыктарды жараткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук өңдүү аралаш никенин жыйынтыгында жаралган социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган" деп айтылат маалыматта.