Мелис Сатыбалдиев (сүрөттө) мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командири болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 2014-жылдын 19-мартында президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Президенттин буйруктарына ылайык, Мирбек Имаев Улуттук гвардиянын командиринин биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси, Исламбек Кенжекулов Улуттук гвардиянын командиринин орун басары, Айбек Жумабаев Улуттук гвардиянын командиринин орун басары болуп дайындалды.
Мамлекет башчынын башка буйруктары менен Токтогул Абдыракманов Улуттук гвардиянын командиринин биринчи орун басары - штабдын жетекчилигинен, Шайдылда Үрүстөмбаев Улуттук гвардиянын командиринин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча орун басарлыгынан бошотулду.