Конституцияда бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары жана милдеттери туура бөлүштүрүлгөнүн мезгил өзү тастыктап жатат. Муну “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 19-мартта Ысык-Көлдө шайлоочулар менен жолугушууда айтты. “Буга өлкөдөгү коррупциялык кылмыштарга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн жүрүшү жакшы мисал болот. Мурдагыдай бири-биринин кылмышын жаап-жашыруу жосундарынан акырындап арылып баратабыз. Анткени “Ата Мекен” фракциясы өз шайлоочуларына дал ушундай кескин чараларды көрүүгө убада берген”,- деди Текебаев.
Өмүрбек Текебаев бардык бийлик бутактары тарабынан биргелешип жасалган мамлекеттик башкаруу системин өнүктүрүүгө, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган иш-чаралар жаатында да маалымат берди. “Ата Мекен” фракциясы элдин жашоо-турмушун оңдоо үчүн 60тан ашык мыйзам долбоорун иштеп чыкканын билдирди депутат.
Оор кылмыштарды кечирбөө боюнча ЖКда жакында кабыл алынган мыйзам тууралуу: “Эл арасында жандуу талкуу жараткан бул мыйзам аркылуу коррупциялык жана айрым өтө оор кылмыштарды жасаган адамдардын, кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн аткаминерлердин кылмыш жоопкерчилигинен биротоло кутулуп кетүүсүнө бөгөт коюлат”,- дейт эл өкүлү.