Бүгүн Бишкекте рынок жана жумушка орноштуруу маселелерине байланышкан форум өтөт

Бүгүн КРнын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлиги Эл аралык кызматташуу боюнча германиялык уюм менен биргеликте Бишкекте форум өткөрөт. Анда Кыргызстандагы рынок саясаты жана ишке орноштуруу боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылып, талкууга алынат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымат таратты. Форумга министр А.Алымкулов, министрликтер менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышат. Форумда 6 ай ичинде Кыргызстандагы рынок жана жумушка орноштуруу саясатын иликтешкен немис адистери иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын чыгарышат. Форумдун максаты - КРнын Өкмөтүнө рынок жана жумушка орноштуруу маселелерин чечүү боюнча сунуш киргизүү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан