Парламенттеги “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов 19-мартта белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун көзү өткөнүнүн 35 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти төмөндө:
“Өзүнүн кыска, бирок нускалуу өмүрүндө Исхак Раззаков “Сен таза болсоӊ, мен таза болсом, коом таза болот” деген ураан менен иштеп, Кыргызстандын эле эмес, кошуна мамлекеттердин да элинин эсинде түбөлүк элес калтырды. Мыйзам ченемдүү түрдө өз заманынын атуулу болгону менен, Исхак Раззаков келечекке кенен ой жүгүртө билген даанышман адам болгон.
Ал акыл калчап, жең түрүп киришпеген бир да жумуш, ал чечпеген бир да маселе болгон эмес. Шаарларды жана айылдарды көрктөндүрүү, маданий агартуу иштери, билим берүү, илим жана дене тарбия, саламаттыкты сактоо сыяктуу иштерди колго алып, тийиштүү адамдарды тийиштүү кызматтарга дайындай билүүнүн өзү бул адам иштин көзүн тааныган чыныгы жол башчы болгондугун айгинелеп турат.
Ал дайыма келечекти көрө билгендиги, жигердүү жана чечкиндүү жетекчи катары өзүн даана көрсөтө алгандыгы менен көп жетекчилерден айырмаланып турган. Тарыхый татаал шарттарда жашап, эл үчүн өмүрүн сайган көп кырдуу талант Исхак Раззаков иш билгилигин, уюштуруучулук сапаттарын даана көргөзө билген, өзүнө да, алдында иштегендерге да талап коё билүү артыкчылыгына ээ болгон адам катары белгилүү. Бирок совет бийлиги учурунда бул улуу инсаныбызды тирүүсүндө кадырлап, барктай албаганыбыз өкүндүрөт. Кеч болсо да кыргыз элинин чыгаан уулуна таазим этүү зарыл.
Кыргыздын улуу инсаны И.Раззаковдун ысымын сыйлап, ал киши жөнүндө жүрөктө сакталып калган жылуу жана кымбат ой-пикирлерин, эскермелерин чын дилибизден жүрөккө сактап, эсибизден чыгарбоо ар бир жарандын милдети деп эсептейм. Коомду өзгөртүү башка бирөөнүн эмес, ар бирибиздин өзүбүздүн колубузда. Эгер коомду өзгөрткүбүз келсе, анда ар бирибиз өзүбүздөн баштообуз зарыл”.