ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиев 17-18-март күндөрү Бишкектеги бир катар орто кесиптик окуу жайларынын, Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин, Бишкек медициналык колледжинин студенттик жамааттары менен жолугушуу өткөрдү.
Анда окуу жайлардагы окуу-тарбия иштеринин абалы, студенттердин сабактарга катышуусу, материалдык-техникалык база жана башка маселелер боюнча кеңири талкуу болгонун ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Билим берүү жөнүндө мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгын да айтты депутат. Жалпы республикалык тестирлөө менен катар мамлекеттик бирдиктүү сынакты киргизүү боюнча мыйзам долбоору демилгеленип жаткандыгына да токтолуп, мамлекеттик бирдиктүү сынакты киргизүү бүтүрүүчүлөрдүн билимин туура баалоого мүмкүнчүлүк бере турганы айтылыптыр.
Окутуучу, студенттер окутуучулардын категориясы үчүн кошумча төлөмдөрдү калыбына келтирүү, контракттык төлөмдөрдүн өлчөмү, адистигин жогорулатуу сыяктуу маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүүнү суранышканы белгилүү болду.