Украина: Тимошенко дарылануудан кайтып келди

Украинанын мурунку премьер-министри Юлия Тимошенко Германияда дарылануудан өтүп, Украинага кайтып келди. Маалымат 19-мартта жарыяланды. “Кайтып келдим. Мени колдоого алгандарга рахмат айтам”,- деп билдирет Тимошенко өзүнүн интернет баракчасы аркылуу.

Экс-премьер абактан чыккандан кийин Украина парламентинин чечими менен Германияга дарыланууга кеткени белгилүү. Тимошенкону өлкөсүнөн дарыланып кетүүгө Германиянын канцлери Ангела Меркель чакырган.  

Эскерте кетсек, Тимошенко "газ боюнча Орусия менен зыяндуу келишим түзгөн" деп айыпталып, 2011-жылы 7 жылга эркинен ажыратылган эле. Өлкөгө жаңы бийлик келгенде абактан чыгарылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан