Украина Орусия үчүн визалык режим киргизгени жатат

Украина бийлиги Орусия үчүн визалык режим киргизгени жатат. Маалыматты Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Андрей Парубий билдиргенин чет өлкөлүк ММКлар жарыялашты.

Парубийдин билдиришинче, бул маселе боюнча тийиштүү органга тапшырма берилди жана ал кыска мөөнөттө ишке ашырылышы керек. Тез арада Украинанын Тышкы иштер министрлиги керектүү механизмдерди иштеп чыгары айтылды. Мындан кийин орусиялык жарандар Украинага сыртка чыгуучу паспорт менен гана кирип калышмакчы.  

Украина КМШнын курамынан чыкканы жатканын Парубий дагы билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан