Назарали Арипов: “Коалиция түзүү укугун президент кайрадан КСДПга берсе да, мен каршы эмесмин”

“Парламентте жаңы коалиция түзүү укугун президент кайрадан КСДП фракциясына берсе да, мен каршы эмесмин”,- деп билдирди 20-мартта SUPER.KG порталына “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов. Айтымында, 19-мартта Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев менен фракция лидерлеринин расмий эмес жолугушуусу өттү.

“Ал жерде коалиция түзүү укугу кайсы фракцияга берилери тууралуу конкреттүү сөз болгон жок. Президент кимге берерин өзү билет да. Эгер кайрадан КСДПга берсе да, мен каршы эмесмин. Башка фракция лидерлери үчүн жооп бере албайм”,- деди Арипов. 
Айта кетсек, буга чейин депутат Туратбек Мадылбеков мурунку коалициялар тараганда президент эки жолу жаңы коалиция түзүү укугун КСДПга бергенин, мунусунда “Ата Мекенге” берсе туура болорун айткан эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан