Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Жогорку Кеңештеги фракциялардын бирине жаңы коалиция түзүү боюнча мандат тапшырат. Президенттик аппараттан билдиришкендей, өлкө башчы бүгүн фракция лидерлери менен жолугушканы жатат. Бирок мандаттын кайсы фракцияга берилиши азырынча белгисиз.
Коомчулукта мандаттын КСДП фракциясына берилиши тууралуу көбүрөөк айтылууда.