Бүгүн, 21-март күнү Сузак районунун Октябрь айылында жаңы курулган оорукана колдонууга берилди. Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков, өкмөттүн уюштуруу иштери боюнча инспектору Атай Алманбетов катышты.
Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, оорукана 50 орунга ылайыкталган. Ал аталган райондун Ленин, Багыш, Көк-Арт, Кара-Алма, Курманбек жана Кыз-Көл айыл округдарынын 66 миңден ашуун калкына кызмат көрсөтмөкчү. Курулуш иштери 2012-жылы башталып, сметалык баасы 51 миллион сомду түзгөн.