Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басарларын дайындады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 24-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын орун басарларын дайындады.

Өлкө башчы Мамбеталиев Искендербек Султановичти мурда ээлеген кызматынан бошотуп, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын башчысы кылып дайындоо; Байтолоев Калмурат Эсеналиевичти мурда ээлеген кызматынан бошотуп, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары кылып дайындоо; Усубалиев Таалайбек Кадыркуловичти мурда ээлеген кызматынан бошотуп, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары кылып дайындоо; Алимбаев Абдикарим Карбековичти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары кылып дайындоо жөнүндө буйруктарга кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан