Агрардык саясат боюнча комитетте Кытай менен Кыргызстандын товар алмашуусу талкууланды

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинде 24-мартта Ош облусунун аймагында өстүрүлгөн жемиштердин жана жашылчалардын түшүмүн Кытай Эл Республикасына (КЭР) экспорттоого көмөк көрсөтүү боюнча дыйкандардын жана фермерлердин кайрылуусу каралды.

Ош облусунун дыйкандарынын кайрылуусу менен Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров тааныштырды.

Эл өкүлү Кытайдан ар кандай товарлар Кыргызстанга кирип жаткандыгын белгилеп, Кыргызстандан Кытайга товардын кандай түрлөрү, анын ичинде айыл чарба өнүмдөрүнүн канчасы кирип жатканы белгисиз экенин айтты. 

Талкуунун жыйынтыгында Талантбек Узакбаев баш болгон жумушчу топ түзүлүп, эки аптадан кийин жыйынтык чыгарылмай болду.

Комитет жыйынында «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору да каралып, анын концепциясы жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан