Ошто мугалимдер арасында макал айтуу жарышы болуп өттү

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерде эмгектенген кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген мугалимдердин арасында макал айтышуу болуп өттү. Бул тууралуу башкармалыктын усулкана башчысы Гүлмира Осекова бүгүн, 25-мартта билдирди.

Анын айтымында, саамалык кыргыз элинин баа жеткис мурасын сактап, өнүктүрүү максатында өткөрүлдү. Анда билим, тарбия жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөнү даңазалоого багытталган макалдарга басым жасалды.

Бул акцияга шаардагы 53 мектептен 47си катышты. 12 мугалим жеңүүчү деп табылып, жыйынтыктоочу турга даярданышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан