Жалган маалымат тараткан ММКлар сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы керек. Муну бүгүн, 25-мартта ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Эристина Кочкарова билдирди. Айтымында, алдыдагы парламенттик шайлоодо жалган маалымат таратуунун алдын алуу керек.
“Бул жерде сөз эркиндигин чектөө тууралуу сөз жок. Жалган маалымат тараткан ММКлар сөзсүз жооп бериши керек. Ооба, сөз эркиндиги - демократиянын принциптеринин бири. Бирок демократиянын башка принциптери да бар. Мисалы, коррупция же дагы бир өтө оор кылмыш боюнча жалган маалымат таратса, алар жооп бериши керек”,- дейт Кочкарова.
Мыйзам долбооруна депутаттар Мыктыбек Абдылдаев менен Ширин Айтматова каршы чыгышты.
“Бизди Европа деп элестетпеңиз, бизде менталитет башка. Өнүккөн өлкөлөрдө балконуна төшөгүн жайып койсо, полиция келип ага айып салат. Бизде андай эмес”,- деди Абдылдаев.