ЖКнын тармактык комитети жалган маалымат үчүн ММКларды жоопко тартууга жол ача турган мыйзам долбоорун артка кайтарды

ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети жалган маалымат үчүн ММКларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ача турган мыйзам долбоорун бүгүн, 25-мартта артка кайтарды. Чечимге 3 депутат макул, 2 депутат каршы добуш берди. Долбоорду КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина менен “ар-намысчы” Нуркамил Мадалиев колдоп, пленардык жыйынга чыгара берүүнү сунушташты. Бирок депутаттар Мыктыбек Абдылдаев (“Ата Журт”), Ширин Айтматова (“Ата Мекен”) жана Кенжебек Бокоев (“Республика”) каршы чыгышып, долбоорду жакшылап иштеп чыгуу керектигин билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан