Ширин Айтматова: “Жалган маалымат үчүн ММКларды жоопко тартуу мыйзамы кабыл алынганы менен, иштебейт”

Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова “жалган маалымат таратканы үчүн” деп айыптап ММКларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракетине каршы. Муну депутат бүгүн, 25-мартта ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин жыйынында билдирди. Айтматова аталган мыйзам кабыл алынганы менен, иштебейт деген пикирде.

“Бизде чөнтөк парламенти, мыйзам сиз айткандай болуп иштебейт. Бизде жакшы ыкмалар бар, бирок алар башка максаттарга иштейт. Жарандар прессага коррупция боюнча маалымат берүүдөн коркуп калышат”,- деди депутат.

Айта кетсек, аталган мыйзам долбоору комитетте экинчи окууда каралып, өткөн жок. Толук иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан