Депутаттар тергөө органдарын бир мекемеге бириктирүүнү сунушташууда

ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев тергөө органдарын бир мекемеге бириктирүүнү сунуштоодо. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 25-марттагы жыйынында билдирди.

“Ал орган Башкы прокуратура, УКМК сыяктуу өкмөткө баш ийбегидей болсо. Азыр болсо РИИБдин башчылары да тергөөгө аралашып жатат, алардын үстүндө ОИИБ, ИИМ турат”,- деди депутат.

Сунушту депутат Галина Скрипкана колдой турганын айтып, тергөөнү тергөөчү гана жүргүзүшү керектигин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан