Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жантөрө Сатыбалдиев отставкага кетүүгө арыз жазды. Муну Сатыбалдиев бүгүн, 25-мартта өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.
Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып: “Бүгүн менин акыркы жыйын өткөрүп жатышым. Кыска аралыкта көп иштер жасалды. Мен силердин ишиңерге ыраазымын”,- деди ал.