Парламенттеги “Республика” фракциясы жаңы коалициянын курамына кирүү маселесин эртең, 26-мартта чечет. Муну аталган фракциядан билдиришти. Эскерте кетсек, бүгүн, 25-мартта “Ата Мекен” фракциясы жаңы коалицияга кирерин билдирип, премьер-министрликке Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин сунуштады. “Ар-намыс” фракциясы коалицияга кирүүнү билдирип, бирок талапкер сунуштай элек.