Депутаттардын аздыгынан ЖКнын комитетинин жыйыны болбой калды

Кворум жоктугуна байланыштуу бүгүн, 25-декабрда ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйыны болбой калды. Аталган комитетте 9 депутат болсо, анын үчөө гана жыйынга келди. Алар: Дастан Бекешев, Мыктыбек Абдылдаев жана Кенжебек Бокоев. Комитет төрагасы Кенжебек Бокоев 4 депутат ишеним кат таштап кеткенин айтты. Ал эми депутат Мыктыбек Абдылдаев жыйынды депутаттар толук катышканда өткөрүүнү сунуштап, мындай сунуш колдоого ээ болду. Жыйынга келбеген депутаттар боюнча пленардык жыйында маселе көтөрүү сунушу айтылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан