КРнын 2012-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 3 окууда жактырды
КРнын
2012-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча мыйзам долбоорун
Жогорку Кеңеш 3 окууда жактырды. Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын
орун басары Курманбек Дыйканбаев бул маселе 2 окууда кеңири талкууга алынганын,
бул жолу колдоп берип коюуну сунуштады. Сунуш колдоо тапты. Мыйзам долбоору
суроо-жоопсуз добуш берүүгө жөнөтүлдү.