Жогорку Кеңештин 26-марттагы
жыйынында Кыргызстанда көмөк чордон курууга жер тилкелерин бекер берүүгө
багытталган мыйзам долбоору талаш жаратууда. Мыйзам долбоорунун авторлору:
“Бул элге керектүү мыйзам. Эгер электр
энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар жерди сатып ала турган болсо, анда электр
энергиясын кымбаттатуу маселеси чыгат”,- деп билдиришти. Депутат
Дастан Жумабеков: “Жеке менчик компаниялар электр
энергиясын сатып, андан пайда табышууда. Эмне үчүн аларга көмөк чордон курууга
бекер беришибиз керек?”- деп нааразычылык билдирди.
Башка депутаттар
да бул мыйзам долбоору чийки экенин айтышты.